www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы билдиргендей, Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-июнундагы №490-т тескемеси менен мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын антикоррупциялык жүрүм-турумунун типтүү стандарттары бекитилди.
Бул документ Башкы прокуратура тарабынан 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын алкагында иштелип чыгып, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызматчылар үчүн бирдиктүү антикоррупциялык жүрүм-турум моделин түзүүгө багытталган.
Типтүү стандарттар мыйзамдуулук, ак ниеттүүлүк жана ачыктык принциптерине негизделген милдеттүү талаптарды камтып, кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу, коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу жана ички көзөмөл механизмдерин күчөтүүнү карайт.
Мындан тышкары, документтин өзгөчөлүгү катары тобокелдиктерге багытталган ыкма жана кызматчылар үчүн антикоррупциялык чек-лист аркылуу өзүн-өзү көзөмөлдөө механизми киргизилген.
Бул стандарттарды ишке ашыруу мамлекеттик кызматтагы тартипти бекемдөөгө, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин жогорулатууга өбөлгө түзөт.