www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан бүгүнкү күндө 1,5 миллиард сомго жакын зыян келтирилген. Бул тууралуу депутат Эмил Жамгырчиев бүгүн, 21-сентябрдагы парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунун тургундары үчүн атайын бюджет түзүлүшү керек.

«Баткен районунун тургундары үчүн кепилдик болсун. Азыр биз көп акча чогулттук. Аларды майда-чүйдө нерселерге коротуунун кереги жок. Каза болгон баатырлардын үй-бүлөлөрүнө квартира алганы жакшы. Балким бул боюнча курулуш компаниялары менен макулдашып, батирлерди өз баасына сатып алышыбыз керек», - дейт Эмил Жамгырчиев.

Эске салсак, Тажикстан кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрада ок чыгарган.

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин аянтчасында жолугушуп, чек арадагы кырдаалды талкуулашкан.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Тажикстандын кол салуусунан чек арада жабыркагандардын саны 198ге жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости