www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйынга чогулду. Жыйында эл өкүлү Жусупбек Коргонбай уулу Чек арага жакын жашаган калкка курал берүү сунушун киргизди.

Анын айтымында, адамдар кол салуу болгон учурда өзүн коргой алышы керек.

«Биз чек ара аймактарынын тургундарын каттоого алып, коркпостон аларга курал таратышыбыз керек», - деди ал.

Эл өкүлү ошондой эле тажик бийлиги Кыргызстанга басып киргени үчүн эл аралык сотто жооп бериши керек деп эсептейт. Анын айтымында, бул үчүн парламент тиешелүү кат даярдашы керек.

"Эмомали Рахмон бийликте бекем орун алуу үчүн эл аралык террористтерди өзүнө тартып жатат. Биз дагы армияга инвестиция салышыбыз керек, мисалы абадан коргонуу системаларын сатып алып, "Асманга" окшогон долбоорлорду курбай эле коюшубуз керек", - дейт Жусупбек Коргонбай уулу.

Эске салсак, Тажикстан кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрада ок чыгарган.

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин аянтчасында жолугушуп, чек арадагы кырдаалды талкуулашкан.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Тажикстандын кол салуусунан чек арада жабыркагандардын саны 198ге жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости