www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга Ооганстандан Рахмонго жардам берүү үчүн келген талибдер эмес, Тажикстанда отурукташып калган Ооганстандын тажиктери кол салды. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Турсунбай Бакир уулу билдирди.
- Эмне үчүн Тажикстан Кыргызстанга жасаган агрессиясында атайын террористтерди жалдады? Эмнеге жооптуу кызматтагылары баш болуп, жалган маалымат таркатып жатышта?
- Бул согушкерлер Ооганстандан Эмомали Рахмонго жардам берүү үчүн келген талибдер эмес, былтыр талибдерден Тажикстанга, алардын лидери Ахмад Масуд баштаган уят-сыйыт менен качып, ошол жерде отурукташып калган Ооганстандын тажиктери. Алар орус тилин билишпейт, Тажикстандын Ооганстандагыга караганда заманбап жашоого ыңгайлашуусу жок, ошондуктан Кыргызстанга каршы согуштук аракеттерге жана талап-тоноочулукка катышып, Рахмондун "меймандостугуна" ушинтип төлөп жатышат.
Чек ара тилкелерибизде атышуулар жана согуштук аракеттер болгон сайын мен президент Садыр Жапаровго социалдык тармактар жана ЖМКлар аркылуу интервью берип, талибдердин өкмөтүн таанууга, Ооганстан менен эки тарапка тең пайдалуу саясий, экономикалык, ал тургай аскердик кызматташууну түзүүгө кеңеш берип келе жатам.
Биринчиден, Эмомали Рахмондун режимин бутунан кармап туруу жана ошону менен Тажикстан менен чек ара тилкесинде тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу. Экинчиден, талибдердин лоялдуулугунан пайдаланып, Мургаб облусунун кыргыздарынын коопсуздугун камсыздайбыз – алар каалаган убакта, тажик согушчандары жана аскерлери кыргыз айылдарына кол салса, Ооган Памиринин аймагында жашынып кете алышат.
- Эмомали Рахмон өзүнүн тагын сактоо үчүн талибдерге каршы чыгып жатабы же анын да башка максаттары барбы?
- Менимче, өзүнүн тагын сактоо жана Кыргызстан менен Өзбекстанга кысым дайыма көрсөтүп туруу үчүн Рахмон Талибанга каршы чыгып жатат. Ошондой эле "Ооганстандын Өкмөтүндө сөзсүз тажиктер болуш керек!" деп Рахмон ШОС, ОДКБ саммиттеринде сүйлөп жүрөт. А Шавкат Мирзиёев тескерисинче, Талибан Өкмөтүн таанып, чукул убакытта кызматташыш керек деп Душанбедеги жана Самарканддагы ШОСтун саммиттеринде айтып жатат. Талибанды таануу маселесинде Өзбекстандын, Казакстандын, Түркмөнстандын жана Кыргызстандын позициялары бири бирине жакын.
Булак: NazarNews.kg