www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан улам жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү максатында учурда Баткен облусуна жалпы 1 миң 53 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 131 тонна ӨКМ тарабынан, 732,729 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген.
“Учурда кампада 188,95 тонна гуманитардык жардам турат”, - деп кошумчалашты ведомстводон.
Белгиленгендей, республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 122 оор жүк ташуучу унаага жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлдү.
Белгилей кетсек, республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат.
Жалпысынан аймактан 136 миң 770 жаран эвакуацияланган.
Булак: NazarNews.kg