www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйынга чогулду. Жыйында эл өкүлү Айбек Маткеримов чек арада курман болгондорго баатыр наамын берүүнү сунуштады.

«Тажикстандын кол салуусунан кыргыз эли кан жутуп турган мезили. Тажикстан өзүнүн жырткыч экенин дагы бир жолу далилдеди.

Окко учкан ар бир жаран биз үчүн кымбат жана баатыр. Биз чек арада курман болгон жоокерлердин ысымын шаар көчөлөрүнө ыйгарууну сунуштай. Анткени алар өз мекени үчүн, Кыргызстандын келечеги үчүн өз өмүрлөрүн аяган жок», – деди Маткеримов.

Эске салсак, Тажикстан кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрада ок чыгарган.

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин аянтчасында жолугушуп, чек арадагы кырдаалды талкуулашкан.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Тажикстандын кол салуусунан чек арада жабыркагандардын саны 198ге жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости