www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка болсо Афганистанды дээрлик 30 жыл эрмектеди. Мындай пикирди коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев айтты. 

--"Афганистан көйгөйү... Адегенде СССР, андан кийин АКШнын кийлигишүүсү менен 50 жылдан ашуун согуш оту өчпөй келе жатат. Советтер Союзу он жылда чыга берди эле, Америка болсо дээрлик 30 жыл эрмектеди... Эми алар дагы алакан жайып чыгып кетип жатышат.

АКШ Президенти Джо Байден: "Биз Ооганстанга мамлекет куруу үчүн барган эмеспиз. Өз келечегин, мамлекетти кандай башкарууну чечүү ооган элинин гана колунда жана жоопкерчилигинде" - деп айтпадыбы. Менимче бул жоопкерчиликтүү сөз эмес. Айтымдарында бир триллион долларга тете каражат сарп кылышыптыр 30 жылдагы согушка. Мынча каражатты сарптоо менен гүлдөгөн жаңы өлкө куруп коюуга болмок. Биз болсо 30 жылда 6 миллиард доллар карыз алдык деп убайым болуп атабыз.

Ошол согуш башталганда төрөлгөн балдар элүүдөн ашты, калктын 80 пайызынан ашыгы тынч, бейпил жашоо кандай экенин билбейт... негизинен согушуу, курал сатуу, апийим айдоо, баңгизат сатуу менен тирлик кылышат... Өлкө өнүгүү жолунан сыртта калган...жакырчылык... караңгылык... Элүү жылда саясат үчүн бүтүндөй бир өлкөнү ушундай жан кейиткен ахвалга алып келишкен мамлекеттердин эми "кандай мамлекет курат, кандай жашайт - бул афган элинин өз иши..." деп тескери басып кетишкенге акылары барбы? Менимче - жок!", - дейт коомдук ишмер. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости