www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл күнүмдүк жашоосун эмне менен өткөрүп жатса, бийлик ошол маселелерге көңүл буруусу зарыл. Мындай пикирин Ысык-Көл облусунун мурунку губернатору, саясатчы Эмилбек Каптагаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кандай гана реформа болбосун ал элет элинин оокатын колдоп, өстүрүүгө жардам бериши керек. Жарандардын жашоосун жакшыртууга шарт түзө турган өзгөрүүлөрдү жасоо зарыл.

«Дыйкандарга айыл чарба продукцияларын, сүт азыктарын сатууга шарт түзүп бериш керек. Мамлекет сугат системасын аягына чыгарса элге пайдалуу болмок. Суу жетпегендиктен көп дыйкандар чыгымга учурады. Эгер аймактык-территориалдык реформа жасалса акча көбөйөт. Чогултулган салыктар аймактын өзүнө калат. Айыл өкмөттөр айыл ичин көрктөндүрүү, жарыктандыруу сыяктуу маселелерди чече билүүсү керек», — дейт Каптагаев.

Ал  адмнистративдик-территориалдык реформа боюнча түзүлчү жумушчу топ жемиштүү иштесе аталган реформаны этап-этабы менен жүргүзүүнүн жол картасын бир айда иштеп чыга аларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 40 район, 473 айыл өкмөтү жана 31 шаардык түзүм бар.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков аймактык-территориалдык реформа жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзүүнү сунуштаган. Ал жумушчу топ жыл аягына чейин аталган реформаны этап-этабы менен жүргүзүүнүн жол картасын иштеп чыгууга тийиш.

Булак: "Марал"

Последние новости