www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чолпон-Атадагы жана Түптөгү заводдор түп орду менен жок болду. Мындай пикирди коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев билдирди.
--"СССР убагында Ысык-Көлдө 5 сүт заводу бар эле - Чолпоната, Ананьево, Түп, Каракол, анан ушул Кызылсуудагы завод. Учурунда баары менчиктештирилип кеткен. Чолпон-Атадагы жана Түптөгү заводдор орду-түбү менен жок. Ананьеводогу ишкана талкаланып турат, Караколдогу канча жыл иштебей туруп акыркы жылдары кичинеден иштемиш болуп калды. Ошончо заводдон жалгыз "Ак Жалга" токтоп калган жок, а түгүл жылдан жылга кубаттуулугу өсүп, улам жаңы жабдуулар коюлуп жатат. Менчиктештирилип, бирок таланып-тонолбой, талкаланбай, темир-тезектери кытайга сатылбай, тетирисинче улам өнүгүп жаткан жалгыз ишкана.
Мындай жыйынтык ушул ишкананын жетекчиси Жүзүмалиева Күлүйпа эженин жарандык эрдиги, чарбачылдыктын бийик үлгүсү. Бүтүндү бүлдүрбөй сактап калуу кандай эрдик болсо, аны андан ары улап, өнүктүрүп кетүү андан чоң эрдик экендиги талашсыз. Ошондой эле элдин колундагы уйдун тукумун жакшыртуу, сүттүү уйдун музоосун таркатуу, элден сүттү чакалап жыйноо иштерин биринчи болуп баштап, жөнгө койгон да ушул киши. Азыр сүт комбинаттын бардыгы ошол схеманы колдонушат. Улуттук экономиканын өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымы үчүн Жүзүмалиева Күлүйпа эжеге быйыл, эгемендиктин 30 жылдык урматына карата Кыргыз Эл Баатыры наамы ыйгарылса туура болот эле", - дейт коомдук ишмер.
Булак: NazarNews.kg