www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизде чоң согуш чыкса жайыт үчүн чыгат, азыр ээн жаткан жайыт жок, бардык жерде мал батпай калды. Бул тууралуу саясатчы Эмилбек Каптагаев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Эмилбек Каптагаев, депутаттар тууралуу шашылыш билдирүү! Өтө маанилүү маселе бул!

Депутаттар жайыттарды арендага конкурс аркылуу берүү жөнүндө мыйзам долбоорун карап жатышыптыр. Тототкула! Бизде чоң СОГУШ чыкса жайыт үчүн чыгат, азыр ээн жаткан жайыт жок, бардык жерде мал батпай калды.

Айыл жанындагы жайыттар мене интенсивдүү пайдалануудагы орто жайыттар толук деградация болуп бара жатат. Кийинки кездеги Жайыт комитеттерини бул маселедеги жасап жаткан иштери алгылыктуу, бирок дагы да жетишсиз. Аны күчөтүу керек, кайра колго чаппай.

Жайыт комитеттери аркылуу жаңы-жаңы тартипке келе жаткан нерсени бузбагыла! Жайыт пайдалануу тартибин ошол жергиликтүү жамаатар өздөрү чечкени абдан туура. Жайытты конкурс менен ким акчаны көп төлөйт деп бере баштоо чоң чатактын башы болот, коррупция башталат, акчалуу-байлар алып кайра субарендага берип карапайым элдин канын соро башаташат, ал эми бирин-эки малы барлар такыр жайыты жок калышат, алар арендага жайыт ала алышпайт. Жайыт жалпы элге таандык болуусу зарыл», - деп билдирген Каптагев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости