www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курманбек Бакиевдин режиминде Исхак Пирматов «Кыргызнефтегазды» жетектеп калып, эбегейсиз байыганы коомчулукка маалым. 2010-жылдан кийин кылмыш иштери козголуп, камалып кетерде Алтынбек Сулайманов, Икрам Илмиянов ортого түшүп, сактап калганы айтылып келет.

Андан бери эки ирет депутат болду. Атамбаевдин бийлиги учурунда Исхак Пирматов Бишкек мэри Албек Ибраимов менен коюн-колтук алышып, дагы байыганы аныз кепке айланган. Албетте, бул жагын тийешелүү күч органдары эртеби-кечпи казып чыгышат...

2020-жылы 1 миллион доллар төлөп, «Биримдик партиясынын тизмесине киргени ыраспы? «Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт эмеспи. Октябрь төңкөрүшүнөн кийин бул эргул жашынып, каралар» артынан түшүп, ара-чолодо камалып чыкканы шыбыш кепке айланып, акыры өткөн жазда УКМК кармаган.

Бирок түрмөгө көпкө отурбай, ооруканага которулуп, ошондон ары эркиндикке чыгып кеткенин укканбыз. Тергөө менен кызматташкан имиш. Кумтөр иши боюнча Асылбек Жээнбековго, Төрөбай Зулпукаровго каршы көрсөтмө берип, Исхак Пирматовдун бошоп кеткенин кандайча түшүнөбүз?

Сокенин бийлиги тушунда бул эки үлкенге кошомат кылып жүргөнүн кантебиз? Мына жүзү! Саткынчылык бекен? Эмне үчүн бул шылуун Мыйзамсыз баюу» беренеси менен кайра камалбайт? Элдин ырыскысын мамлекеттин казынасына төкпөйбү? Же кийинки келген бийлик жазалайбы?..

Булак: Азия News гезити

Последние новости