www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл пневмониядан өлүп жатат деген жомокту токтотуп, чындыктын көзүнө тике кароо керек. Мындай пикирин саясатчы Эмилбек Каптагаев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анын сөзү төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

“Бизде коронавирус жок, эл пневмониядан эле өлүп жатат” – деген жомокту биринчи тажик коңшулар чыгарышты эле, анан өлгөн кишилердин мүрзөсүн полиэтилен пленка менен жаап, “жаандан коргоп” деген экинчи жомокту айтып… Аягы эмне болду?

Коронавирус баланча, пневмония түкүнчө деген жомокту биз да токтотушубуз зарыл. Жок дегенде өзүбүздү өзүбүз алдабайлы, сооротпойлу. Баарынын оорусу бирдей, белгиси бирдей, дарылоосу бирдей… Тесттер иштебей калды, анын үстүнө азыр тест тапшырган деле киши жок. Пневмония дегендер эле ооруканада 2 миңден ашып кетти, үйдө онтоп жаткандар канча экенин эч ким деле санаган жок.

Жөн эле пневмония дегенден улам вирустун кескин таркашына шарт түзүп жатабыз. Эл маиттерди (сөөктөрдү) беймарал эле жууп, беймарал кепиндеп коюп жатышат. Эки айдан кийин суук түшөт, калкыбыз түгөл өпкөсүнөн кагынып жатып калуусу да ажеп эмес.

Чындыкка тике карагандан өтөөрү жок деп ойлойм", - деп жазган ал.

Эске сала кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 92 адам коронавирустан, 192 адам пневмониядан каза болду.

"Бизде коронавирус жок, эл пневмониядан эле өлүп жатат" - деген жомокту биринчи тажик коңшулар чыгарышты эле, анан өлгөн...

Опубликовано Эмилбеком Каптагаевым Понедельник, 6 июля 2020 г.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости