www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тарых музейиндеги былыктардын баары ачыкталып, ызы- чуусу коомчулукта талкууга алынып, көпчүлүктү нааразы кылып турган кез. Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев бул иш тууралуу өзүнүн сын көз карашын төмөнкүдөй билдирди:

- Тарых музейи жөнүндө окуп эле жаттым, ахвал начар экенин билчүмүн, бирок ушунчалык жан кейиткен көрүнүштө экендиги оюма да келбептир. Улуттук музей болчудай концепция жок! Тетирисинче - улутту маскара кыла тургандай бирдеме жасалыптыр. Жакында ачылса өзүңөр күбө болосуңар го...

Ичинде музей кызматкерлери ичинен сызып ыйлап жүрүшөт ушундай шермендечилик болоорун кайдан билдик, бизди четке чыгарып, өзүбүз билебиз деп жасагандары ушул Ак үйдөгү билермандардын дешип ...

Ал эми ичи-сыртынан сыйырып машине-машине кылып жүктөп кетишкен кымбат баалуу мрамор-гранит таштардын дайнын табуу зарыл, ордуна жамай салышкан арзан жасалма плиткалары азыртадан эле жарылып жатат... Уят!

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости