www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тегерек үстөл же форум өткөрүү, токтом же указ кабыл алуу- бул ишти бүтүргөндүк эмес. Мындай пикриди саясатчы Эмилбек Каптагаев билдирди. 

--"Кандайдыр бир көйгөй боюнча сөз же идея айтуу, ал боюнча тегерек үстөл же форум өткөрүү, токтом же указ кабыл алуу - бул ишти бүтүргөндүк эмес.

Бул иштердин жасалышы маселе чечилди дегенге жатпайт. "Жазылып жаткан токтом көп, указ деген андан көп" деп убагында эл ичинде бекер айтылып калган эмес. Мына ошол сөздүн айтылышы, ошол көйгөй боюнча токтом же указдын кабыл алынышы менен мамлекеттик кызматтын иши жаңы гана башталат.

Көбүнчө мына ушул чындык көз жаздымда калып калат. Айтып же жазып коюу менен маселе чечилбейт. Айтылган сөздү турмушка ашыруу үчүн, кабыл алынган чечимдердин ар бир жерде так жана мөөнөтүндө аткарылышын камсыз кылуу үчүн эбегейсиз зор түшүндүрүү жана уюштуруу иштерин, адам жана башка ресурстарды мобилизациялоо иштерин жүргүзүү зарыл. Башкаруу ишинин көзү ушул жакта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости