www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тынч жашап жаткан элди кырганы үчүн тажиктер эл аралык трибуналда жоопко тартылууга тийиш. Мындай пикирди саясатчы Эмилбек Каптагаев социалдык баракчасына жазды.
--"Элибиз эзелтеден "Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч", "Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер" - деп айтып келишкен. Бул сөздөр кандай жагдайда, кандай кырдаал үчүн айтылганын билбейм. Албетте, ар ким атасынын кунун кечип жиберүүгө акысы бар. Бирок сөз мамлекет жөнүндө, улуттук ар-намыс жөнүндө болуп жатканда дагы жеке пикирин коомго таңуулап, кундан кечип, ансыз деле аргасы түгөнүп, каңырыгы түтөп кан жутуп мүңкүрөп отурган элдин атынан бүтүм чыгарууга машаяк болуп кетсе дагы эч кимдин укугу жок. Тажик тарап аскердик кылмышка барып, тынч жашап жаткан элди кырганы үчүн эл аралык трибуналда жоопко тартылууга тийиш", - дейт саясатчы.
Булак: NazarNews.kg