www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облустук милициясынан кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан кийин Тажикстан тарап өрттөп кеткен үйлөрдөгү "ОМП" деген жазуу эмне деген маанини түшүндүрөрүн айтып беришти.

Социалдык тармактарда өрттөнгөн имараттардагы, үйлөрдөгү жазууну тажикстандык аскер кызматкерлери калтырып кеткен деген жана дагы башка пикирлер айтылып жаткан.

Облустук милиция ОМП - "осмотр места происшествия", кыргызчасы окуя болгон жер текшерип, кароого алынды деген сөздүн аббревиатурасы экендигин билдиришти.

Аны кыргызстандык тергөөчүлөр аталган аймакты карап чыккандан кийин, башка кесиптештери кабардар болушу үчүн жазып жүрүп отурганы маалым болду.

Адам өлүмүнө алып келген Баткендеги кандуу кагылышуу 28-апрель күнү кечинде башталып, ок атылып, калаба 2-3 күнгө созулуп кетти. Натыйжада 36 кыргызстандык жаран көз жумуп, 150гө чукул киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түштү. Каза болгондордун үчөө аскерлер болсо, калганы жай жарандар. Тажикстандын чабуулунда мерт болгондордун экөө балдар, тагыраагы, 13 жаштагы өспүрүм кыз жана төрт жаштагы эркек бала.

Он миңдеген адам эвакуацияланып, жанын арачалап турак жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Баткен менен Лейлек райондорунун чек арага жакын жайгашкан айылдары өрттөнүп, үйлөр, социалдык объектилер бүлгүнгө учурады.

1-майдан тарта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин абал турукташа баштап, чек ара тилкесине тартылган аскер техникасы, күч түзүмдөрү чыгарылды. Ушу тапта аймакта кырдаал тынч, тургундар айылга кайтып, кыргыз бийлиги келтирилген зыяндын көлөмүн эсептеп жатат. Үй-жайсыз калгандарды там-таш менен камсыздоо милдети өкмөттүн мойнунда.

Ал эми Тажикстандын бийлиги тараткан маалымат боюнча, кагылышуудан 16 киши набыт болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости