www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек ара чырында талкаланган имараттарды калыбына келтирүү иштерине 700 миллион сом бөлүнгөн, анын 500 миллион сому социалдык объектилерди курууга жана оңдоп-түздөөгө жумшалат. Ал эми калган 200 миллион сому талкаланган жана өрттөлгөн турак жайларды калыбына келтирүүгө багытталат.

Бул тууралуу өкмөт башчы Улукбек Марипов 10 жакын турак жай талкаланган Баткен облусунун Лейлек районунун Сада айылынын тургундары менен жолугушуусунда билдирди.

Айтымында, учурда келтирилген зыяндын көлөмүн эсептөө үчүн атайын комиссия иш алып барып жатат.

Баткен облусунда бир катар социалдык объектилерди куруу пландаштырылууда. Атап айтканда, Кызыл-Бел, Ак-Сай, Моргун жана Борбордук айылдарында типтүү жалпы билим берүү мекемелери курулат, Максат айылында өрттөнүп кеткен мектеп калыбына келтирилип, бала бакча курулат. Ошондой эле Кулунду айылында мектепке чейинки балдар мекемеси курулат.

Мындан тышкары бөлүнгөн каражаттар жаңы жолдорду курууга жана Миң-Булак – Чорго – Ак-Сай, Көк-Таш - Ак-Сай –Тамдык жолдорун оңдоого жумшалып, Ак-Сай - Рават, Кулунду – Максат - Арка, Чайхана – Ак-Сай, Кызыл-Бел – Достук жолдоруна асфальт төшөлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости