www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз-катар эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин жана аны бардык чөйрөдө өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Жогорку деңгээлдеги өз ара иш сапарларын уюштуруу, Экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-катар өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу сыяктуу маселелер көтөрүлдү.

Ошондой эле тараптар эл аралык жана регионалдык айдыңдагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.

Президент Садыр Жапаров Катар мамлекетинин Эмирине кыргыз элине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, Эмирди жана Катар элин алдыдагы Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости