www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убакыттын өтүшү менен «Ташиев салдырган, Ташиев курган...»  деген сөз ооздон-оозго өтүп айтылып кала берет. Мындай пикирин саясатчы Эмилбек Каптагаев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Учурда Генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев аймактардагы коопсуздук кызматтарынын кеңселерин жана кызмат батирлерин куруп жатканы боюнча ар кандай айтып жатышат. Орустарда «дела проходят, а деяния остаются»- деген сөз бар, кыргызча «иштегениң унутулат, жасаганың калат» - десе болчудай.

Ошол сымак эмне деп айтпайлы, эмне деп сындабайлы, кийин убакыттын өтүшү менен «Ташиев салдырган, Ташиев курган...»  деген сөз ооздон-оозго өтүп айтылып кала берет.

Кандай болгон күндө дагы конкреттүү практикалык иштер бүткөрүлүп жатканы, кызматтагы адамдардын иштөө-жашоо шарттары жакшырып жатканы колдоого арзыйт», - деп белгилеген Эмилбек Каптагаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости