www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Америкада акча жаады

Американын Калифорния штатынын Сан-Диего шаарындагы жолдордун биринде инкассатордун унаасынын эшиги ачылып кетип, баштыкталган долларлар жерге түштү.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Банкноттор ондогон метрге чейин чачырап кеткен. Ал эми жолдо кетип бара жаткан айдоочулар унааларын жолдун так ортосуна токтотуп коюп, акчаларды чогултууга шашылышкан.

Икассатордун жүк ташуучу унаасы Депозиттерди камсыздандыруу боюнча федералдык корпорация кеңсесине бара жаткан. Капысынан, белгисиз себептерден улам анын эшиги ачылып, ылдамдыкта бара жаткан унаанын артынан акча жааган.

Элди тынчтандырууга аракет кылган полиция кызматкерлери бир нече адамды камакка алууга аргасыз болгон.

Ал эми чачылган доллар алгандардын айрымдары акчаны кайра кайтарышкан. Полиция кызматы жолдон акча алып, кайра бербегендерди тез арада кайтарууга чакырды. Болбосо, аларга расмий айып пул салынаарын эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости