www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, губернатор болгон коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына маркум журналист Уланбек Эгизбаев менен ак таңдай төкмө акын Элмибек Иманалиев тууралуу пикирин жазып чыкты.
"Бири кем дүнүйө..."- дегендей эле...
Уланбек өттү дүйнөдөн, мезгилсиз... Аттиң деп, кабыргасы кайышпаган жан калган жок...
Эми минтип Элмирбек өттү... күтүүсүз...
"Карагай ыйлап, тал ыйлап,
Калайман журттун баары ыйлап..." - дегендей эле болду...
Кай бирибиз чындап, кай бирибиз эл көзүнө дегендей, жер чапчып, арманыбызды айтып, күйүтүбүздөн таш ээригендей эле болду ... Арга жок...оор жоготуу... ыймандары саламат болсун, жандарын Жараткан бейиште кылсын дейли... Бирок...туугандар ... Эрдин Эр экендиги, Залкардын Залкар экендиги көзү өткөндө эле билинеби? Көзү тирүүсүндө ошол эле сөздөрдү айтсак болбойбу? Же мунубузду "Жоголгон бычыктын сабы алтын" - дегендей эле "Өлүк сыйы" салтыбыз катары кабыл алып калабызбы, табыт башына мактап?
Акыл токтотуп, көзүбүздү ачып айлана-тегерегибизди карабайлыбы...
Дагы кимди көрбөй, дагы кимди байкабай жүрөбүз? Аңдабайлыбы... Тирүүсүндө төбөбүзгө көтөрүп барктабайлыбы, даңазалабайлыбы...Ошол инсандарды аныктап, УЛУТ СЫЙМЫГЫ катары алдыга коюп, акылын угуп, аркасынан ээрчибейлиби...", - деп Эмилбек Каптагаев жазган.
Булак: NazarNews.kg