www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Акыркы кезде коомчулукка анча байкалбаган менен Ак үй менен Көк үйдө президент менен премьер-министрдин ортосунда тымызын тирешүү жүрүп келген. Аны биз мамлекет башчы менен экс-өкмөт башчынын кадрдык дайындоолорунан билсек болот. Мисалы, С.Жээнбеков ант берерге бир күн калганда Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку орун басары Раим Матраимов премьер-министрдин буйругу менен кызматтан алынган болчу. Баарынан да эл арасында “Раим-миллион” лакап аты бар кызматкерди жөн гана бошотуп койбостон, экинчи мамлекеттик кызматка жолой албагыдай кылып, “ишенимден кеткендиги үчүн...” дегендей беренени кошуп кызматтан алган. Билгендерге бул С.Жээнбеков үчүн чоң “сюрприз” болчу. Анткени президент менен матраимовдордун мамилеси жакшы экендиги баардыгына белгилүү.

Бирок, баарынан да жакында кызматтан алынган УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары Болот Сүйүмбаевдин Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагалыгына дайындалышы өлкөбүздө кош бийлик орун алып, президент жана премьер-министр бири-бири менен тирешип жаткандыгын далилдеп койгон. Ооба, Б.Сүйүмбаев мурдагы кызматынан өз арызы менен кетти. Бирок коомчулук менен айрым парламент депутаттары аны жана УКМКнын мурдагы төрагасы А.Сегизбаевдин ишмердүүлүгүнө саясый жана укуктук баа берилишин талап кылып жаткан.

Анткени бул экөөсү акыркы алты жылда ар кандай саясый негизде камалып, “репрессия” болгон отузга жакын кыргыздын бычакка сап, тың жигиттеринин тагдыры үчүн жооп бериши керек. Себеби аларга УКМК тарабынан эч далилсиз же чет элдик шылуун-шумпайлардын жалган көрсөтмөсүнүн негизинде айып тагылган. Демек, мойнунда ушундай “оор жүк” турган адамды жайлуу орундан майлуу кызматка дайындоо бери дегенде өтө текебердик болуп саналат. Экинчиден, коомчулук бул жаңы финполчуну экс-президенттин жансакчысы катары гана билет. Ал эми каржы, укук, юристтик билими, тажрыйбасы тууралуу эч кимибиз уккан эмеспиз. Эми ал кандай, кимдин буйругу менен иштей тургандыгы белгилүү да. Айтор, Сапар бул дайындоо аркылуу эл менен президенттин бетине түкүргөндөй эле мамиле жасаган. Ошентип, өзүнүн ансыз деле калбай бараткан саясый репутациясын мөөнөтүнөн мурда жеп, кызматынан кол жууду.

Булак: “Майдан.kg”

Последние новости