www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунан кайткан жолдо тыгында калышынын чоо-жайы иликтенип жатат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 12-сентябрда Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.
Сагынбаев муну менен Эмине Эрдогандын жол тыгында калганы тууралуу маалыматтарды ырастады. Буга чейин бул окуя тууралуу расмий кабар берилбей жаткан.
- Түркиянын биринчи канайымы жол тыгында кармалып калганы туура эмес болду. Азыр бул боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында кызмат адамдарына укук коргоо органдарынан жана мамлекеттик кызматтан кетирүүгө чейин тиешелүү чаралар көрүлөт, - деген Дамир Сагынбаев Эмине Эрдоган тыгында канча убакыт турганын айткан жок жана бул окуяга жооптуу кызмат адамдарынын атын атабады.
Реджеп Тайып Эрдоган 1-2-3-сентябрьда Кыргызстанга жасаган визитинин негизинде, Кырчын жайлоосунан кайтканда Эмине Эрдогандын жол тоскоолдуктарында 1.5 саат кармалып калуусунан улам 30 протокол кызматкерин иштен алды.
Эске сала кетсек, баарыбызга белгилүү болгондой, 2-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталып, Кыргызстанга 40тан ашуун мамлекеттен коноктор келип катышты. А тургай беш өлкөнүн өлкө башчылары Кыргызстанга келип, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып кайтты. Эң башкысы,спорттук оюндар Кырчын жайлоосунда өтүп,боз үйлөр тигилип, бирнече оюн-зооктор болуп өттү.
Көчмөндөр оюндарынын башталышына Түркиянын президенти Режеп ТайипЭрдоган келип, Кыргызстан дүң эле дейтүшкөн. Расмий жана бейрасмий жолугушууларөтүп, атургай Бишкекте катардагы жарандар мененда жолугушуп, Эрдоган кийинки сапарын Чолпон-Атага уланткан.
Баса, ал жактагы жолугушуулар ойдогудай өткөнү менен,түрк президентинин жубайы ЭминеЭрдоган жолтыгынга кабылып, Режеп Эрдоганды бир жарым саатка күттүруп койгон. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Түрк президенти жубайын 1 жарым саатка күтүп,Тамчыда олтуруп калган. Ага себеп Эрдогандын жубайы Кырчындан кайткан жолдо капчыгай ичиндеги тыгынга кептелип, жыйынтыгында аны тик учак менен алып кетишкен.
Ошентип, эл аралык деңгээлде аброю бар Эрдоганды аялыбы же Кыргызстандын атайын көзөмөл кызматыбы бир жарым сааттай аэропортто күттүрүп койгон.
Кызык, Режеп мырзанын жини кандай келгенин көрүш керек эле да...
Булак: NazarNews.kg