www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмне себептен кырсыктар, адам өлүмдөрү күндөн-күнгө күч алып баратат? Эмне үчүн жабыркаган жаралуу Жаратылыш каарданып, жай саратанында, өзгөчө Көл тарапта жаан-чачын нөшөрлөп күчөп, кыян каптап, сел жүрүп, кырсыктар күч алууда? Кеп эмнеде? Бул суроолорго NazarNews маалымат агенттиги Мелис Арыпбектен жооп алды.

--"Биринчиден, эл ишеним көрсөтүп тандап шайлаган бийлик төбөлдөрү, элдин ой-мүдөөсүн эске албай, тескерисинче, калың калкка жакпаган мыйзамдарды кабыл алып, ажо элдин каарына калчу буйруктарды чыгарып жатат. Анын бири кайнаса каныбызга кошулбаган, тукумкурутка дуушарланткан казино ойундарын амал күч менен кабыл алдырып, ага ошол замат ажо колун койду.

Кыргыздын ыйык деп сакталып келген, касиет кереметке ширелген Жетим Тоосун бийлик жеңичинен соодалап, ал жерди аңтарып, каздырып, жардырып, чаңын асманга сапырабыз - деп турган учур. Жергиликтүү элдин эсебин, пикирин эч эске албастан. Отуз жыл аралыгында, Кумтөрдөн мамлекет жыргабаган, анан ушул Жетим Тоонун темиринен эл жыргап кетмек беле? Ансыз деле канчалаган тоолор казылып, ууланып, жандуу жаратылыш жабыркап, эл арасында айыкпас оорулар күч алууда. Андыктан, кандай кана кең байлыктар болбосун, аларды сатып, казууга мораторий жарыяланып, тыйуу салынышы зарыл.

Анан дагы, бийликтин былыгынан дагы башка себеп бар. Ал жагы жалпы жумурай журттун пейилинде, нээт тилегинде. Чындыгында, элибиз болуп көрбөгөндөй бузулду. Жансыз көр дүйнөнүн кулу болуп, байлыкты баарынан ыйык жана бийик тутуп бузулду. Ошонун арты менен пейилибиз тарыды, нээтибиз арыды. Дили-дитибиз карарды. Чыныгы ысырапкорчулук жамандык жакшылыкта бодо малды сойгондон эмес, даана ысырапкоорчулук, ыйык деген тамактын төрөсү, нанды кор кылганда. Шаарлыктар кана эмес, айылдыктар дагы нанды эбегейсиз ыргытышып, таштанды менен аралашканда. Шылтоосу, катып калды дешет. Ошол ыргытылган нандарды жолбун иттер дагы жебей калганда.

Калган каткан ашыкча тамактарды шаардыктар ажатканын унитазына агызып калышында. Себеби, ачып баратыптыр - дешет. Баарынан кызыгы жандыктын шорполору, мурункудай эт алдында сунулуп, ичилбей калды. Жылкынын шорполору, толтура казан казан төгүлүп калганында. Болгондо да, айылдарда. Аларды жарды жетим жесир түгүл, байланып турган ач итинин айагына дагы куйуп берүүдөн эринишет. Бул эмне деген чектен чыккан ырайымсыз ыпыластык? Той-топурлар күч алып, тамак-аштар төгүлүп чачылып жаткандык, акыры жакшылыкка алып барбайт. Бекеринен Аталар "Пейилиңен тапкының" - дебеген. Пейил арып-тарып турган, ырыскыбызды көтөрө албай турган заманга дуушар болдук. Кеп, заманда эмес, кеп ыйманыбызды жеп, жутуп алганыбызда болуп жатат...", - дейт Мелис Арыпбек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости