www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда суу түтүгү аркылуу мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн жарандар кармалды.

Маалыматка ылайык, милицияга Ош облусунун аймагында "Ф" аттуу жаран адамдарды Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөрүп, мыйзамсыз миграция уюштуруп жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Аталган факт боюнча Ош облустук милициясынын тергөө кызматы тарабынан үстүбүздөгү жылы 10-майда Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Араван районунун Төбө-Коргон айылынын тургуну 36 жаштагы Р.Ф. кармалган.

Ал тергөөдө өздүгү аныктала элек Өзбекстандын “М” аттуу жараны менен алдын ала мыйзамсыз миграцияны уюштурууну сүйлөшүп, тергөөдө өздүгү аныктала элек “А” аттуу Өзбекстандын жаранын 2022-жылдын 21-январь күнү Араван районунда 4-5 метр тереңдикте жер астына көмүлүп, бир жагы Кыргызстандын аймагында, экинчи жагы Өзбекстанда аймагында орун алган суу агуучу темир түтүк аркылуу Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз өткөрүүнү уюштургандыгы аныкталган.

Чек арадан мыйзам өткөрүүнү уюштургандар камакка алынып, ал эми өздүгү аныктала элек Өзбекстандын жаранын аныктоо максатында кошуна мамлекеттин укук коргоо органдарына эл аралык келишимдердин алкагында тийиштүү документтер даярдалып жөнөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости