www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адамдар кызык элебиз. Аз күн мурда Райым Матраимов соцтармакта талкууга алынды. «Беш кол тең эмес» дегендей, ар кандай пикирлер айтылды. Жылуусу менен жагымсызы аралаш... Уулдары Хабиб жана төбөлдөрдүн балдары менен бир кечеде сүрөткө түшүп коюптур. Жөн жай гана көрүнүш. А эмнеге анча ичтери тарышты?

Көрсө, кептин баары каарманыбыздын кызыктуу фигура катары калыптанып калганында экен. Сөз кыябы келгенде баса белгилейли: Райым мырза менен таанышкысы келгендер арбын, дос болууну кыялдангандар андан көп. Саясатчысынан журналисттерине чейин «топурашат», чиновниктерди, ырчыларды ж.б. айтпай эле коёлу. Бул чын.

Кыскасы, коомчулукту кыйла кызытат. Учурда ал саясаттан оолактап, эс алып, жеке турмушу менен алек. Бирок айрым кежир кыкеңдер сөйкөнө берет тура. Мисалы, Райым Матраимов боюнча маалымат, сүрөт, же кайсы бир жерде жүргөн видеосу чыкса, дароо реакцияга «жем» ташталат. Эмнеге? Тек гана көпчүлүктүн кызыгуусун жаратканы үчүн.

Арийне, адамдарда сейрек кездешкен жылдызы, сыр каткан жандүйнөсү менен башкалардан айырмаланып тургандай. Дагы бир таң калычтуу жагдай, соңку беш-алты жылда наристелерине Райым деп ысым берген мекендештердин көбөйгөнү эмнеси? Чечмелейли...

Булак: Азия News гезити

Последние новости