www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бара турган Кыргызстандын көк бөрү командасынын курамы аныкталды. Бул туурасында Көк бөрү федерациясы маалымады.

Оюндардын программасына ылайык, көк бөрү жана көкпар боюнча эки команда түзүлгөн. Алар Жогорку лигада ойноп келген "Ынтымак", "Достук", "Сары-Өзөн" жана "Ала-Тоо" командаларынын оюнчуларынан тандалып алынган. Учурда улакчылар Ысык-Көлдө машыгып, катуу даярдык көрүп жатышат.

Көк бөрү боюнча команданын курамы:

1. Марлис Койгелдиев;

2. Нооруз Раатбек улуу;

3. Нурдин Болотбеков;

4. Таши Майлыбашев;

5. Акбар Иманбеков;

6. Дастан Сагынбек уулу;

7. Рустам Тыналиев;

8. Сейитбек Анарбек уулу;

9. Аудасбек Мырзабек уулу;

10. Манас Ниязов;

11. Нуржан Мелисбек уулу;

12. Майрамбек Рыспеков.

Команданы Аскат Искендеров жетектеп барат, Нурлан Мамбетов башкы машыктыруучу, Урмат Мусаев улакчыларды даярдайт.

Көкпар боюнча команданын курамы:

1. Нурбек Юсупов;

2. Эрлан Төлөбеков;

3. Улан Насакеев;

4. Элдияр Шахтарбек уулу;

5. Өмүрбек Эсен уулу;

6. Эмирлан Жеңишбеков;

7. Бекназар Аматов;

8. Эрсултан Айдаркан уулу;

9. Кубаныч Султан уулу;

10. Кыяз Ниязов;

11. Белек Мукаев;

12. Аскат Аскаров.

Команданы Мыктыбек Туташов жетектейт. Ал эми Тилек Урманбетов башкы машыктыруучу, Максат Кайдыбаев машыктыруучу болуп бекитилди.

Белгилей кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сентябрда Түркиянын Бурса провинциясынын Изник шаарында өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости