www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Кубань шаарында кыргызстандык айдоочу жөө жүргүнчүлөрдү койдуруп кетти. Бул тууралуу Краснодар крайынын жол коопсуздук кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 16-август күнү кечинде Гурийская - Черниговская – Рязанская трассасында болгон.

Жолдун боюнда бара жаткан адамдарды 38 жаштагы кыргызстандык айдап бара жаткан Ford Mondeo үлгүсүндөгү унаа сүзүп, андан соң ал жолдун каршы тилкесине ​​чыгып, Nissan Atlas менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 23 жана 15 жаштагы кыздар, 4 жашар бала жана 7 айлык кыз “Тез жардам” унаасы менен ооруканага жеткирилген. Алган  жаракатынан улам 7 айлык кыз каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости