www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмне үчүн Сауд Аравиясы АКШнын сөзүн жокко чыгарды?

Сауд Аравиясы Кытай менен мурун доллар аркылуу гана соода кылышса, эми юань аркылуу соодалаша турган болду. Андан тышкары Сауд Аравиясы АКШнын мунайзаттарды көбөйтүп Орусиянын экономикасын басыш керек деген көрсөтмөсүн аткарган жок. АКШ президенти Байден Когресстен согуштук чыгымдар үчүн рекорддук сумманы 813 млрд доллар сурады.

Эми Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасы экологиялык таза шаар куруу планын жарыялады. Ханзаада Мухаммед ибн Салман өзүнүн The Line деген аталыштагы жаңы проектисин жарыялап, шаар тургундары үчүн болуп көрбөгөндөй өзгөрүү тартууларын айткан. Ал кура турган шаар башка мегаполистерден айырмаланып, автомобилдерсиз жана чоң жолдорсуз келечектин супер конушу болот деп жарыялаган. Шаардагы мектептер, саламаттыкты сактоо мекемелери, эс алуу жайлары жана жашыл аянтчалар сыяктуу күндөлүк кызматтардын бардыгы беш мүнөттүк жөө аралыкта болот.

Сауд Аравиясына жаңы курула турган калаа жогорку экономиканын диверсификацияланышына жана келечектеги 380 миң жумушчу орундун түзүлүшүнө салым кошору белгиленди. Шаар 2030-жылга чейин өлкөнүн ИДПсына 48 миллиард доллар кошот деп күтүлүүдө.

Акыркы мезгилдерде ири шаарлар технологияны, машиналарды жана заводдорду биринчи орунга койду, элди эмес. Эң өнүккөн шаарларда адамдар жумушка жылдап кетишет. 2050-жылга чейин күнүмдүк саякат эки эсе көп убакытты алат. Көмүр кычкыл газынын чыгышы жана деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү бир миллиард адамды башка жакка көчүүгө мажбур кылат. Адамдардын 90 пайызы булганган аба менен дем алышат. Эмне үчүн биз жаратылышты өнүгүү үчүн курмандыкка чалуубуз керек?

Ханзаада журналисттерге билдиргендей, бул долбоорго 100 миллиарддан 500 миллиард долларга чейин сарпталышы күтүлүүдө. The Line компаниясына инвестиция тартуу үчүн NEOM падышалыктын Мамлекеттик Инвестициялык Фондусунун (PIF), ошондой эле жергиликтүү жана дүйнөлүк инвесторлордун колдоосу болот. Белгилей кетсек, NEOM футуристтик шаар куруу боюнча 500 миллиард долларлык биринчи ири долбоор. Бул Кызыл деңиздин жээгинде 262 500 чарчы чакырымдык жогорку технологиялык комплекс, бир нече зоналар, анын ичинде 2025-жылы бүткөрүү пландаштырылган өнөр жай жана логистикалык зоналар бар.

Ханзаада Мухаммед ибн Салман NEOM директорлор кеңешинин төрагасы болду. The Line калаасын карап көрсөк, узундугу 170 чакырым келген шаар калаанын табигый аймактарынын 95 пайызын сактап калууда. Унаа жок болот, көчөлөр болбойт жана көмүртек бөлүп чыгарбайт.

Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Салмандын жээни, ханзаада Фахд бин Турки бин-Абд Аль-Азиз өлүм жазасына тартылды. Аскер соту Йемендеги Сауд Арабия күчтөрүнүн мурдагы командири Фахдды чыккынчылыкка күнөөлүү деп тапкан. Бийлик ага өкмөткө каршы төңкөрүштү уюштурууга катышкан деген айып таккан. Эксперттер Сауд Арабиясынын ханзаадасынын камалышына Мухаммед бен Салмандын тиешеси бар деп белгилешет. Мындай жол менен ал камакка алынган адамдын үй-бүлөсүн мамлекеттик казынаны толтурууга милдеттендирет. Фахд 2020-жылы сентябрь айында уулу менен кошо камакка алынган. Бул Сауд падышасынын үй-бүлөсүнө байланыштуу биринчи чуулгандуу окуя эмес. Мураскер ханзаада Мухаммед 2017-жылы кырсыкка учурап, каза болгон ханзаада Мансур бин Мукриндин өлүмүнө дагы тиешеси бар деп болжолдонууда.

Сауд Аравиясында коронавирус пандемиясы киргизген бардык чектөөлөр алынып салынат. Падышалык үй кеңсесинин билдирүүсүндө, кургактык жана деңиз портторунун бардыгы кайрадан ачылат деп айтылган.

Чек араларды ачуу бийлик тарабынан белгиленген вирустун мындан ары жайылышына жол бербөө үчүн коюлган чектөөлөргө жана алдын-алуу иш-чараларына ылайык жүргүзүлөт.

Сауд Аравиясында COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 98%га чейин азайган жана вируска каршы эмдөө өнөктүгү башталган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлүнүн айтымында 137 862 адам Pfizer / BioNTech антивирусу менен эмделди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости