www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Боюу 25-35 см болуп, топ-топ болуп өсөт. Жайдыр – кыштыр жыты буркурап, сирень гүлүнө окшошуп кетет. Жалбырактары майда, бутактары ичке болот. Бутактын башында жыты буркураган гүл ачат, тоолуу жерлерде өсөт. Июнь-июль айларында түшкө чейин териш керек. Тамырына зыян келтирбей абайлап 25 см бийиктикте оруп, салкын жерге кургатып, чүпүрөк баштыкка сактайт. Көкөмеренди эртең менен эрте чайдай демдеп, ысык бойдон ичүү керек. 1 сааттан кийин табарсыгыңды толтуруп чуркатат, ичтин барын тазалайт.

Кан басымы бийик болгондорду 1-2 күн ичкенден кийин, өз калыбына келтирет. Тамактан мурун 1 чыны, анан тамактан кийин ичсе болот. Нерви начар адамдар дагы ичсе болот. Склероз, ревматизм, муундарына (суставдарына) суук тийгендерге, деми кысылып астма менен ооруган адамдарга пайдасы тийет. Ысык бойдон ичип тердесе, какырыгы чыгып эс алып, айыгып да кетет. Өпкөсүнө суук тийип жөтөлсө, бронхитке айланса жардамы тийет.

Аракты токтото албагандарга да жардамы тийет. 1 күндө 3 жолу ысык бойдон демдеп ичет. Өзгөчө цирроз, депрессия, болгон адамдарга көкөмеренди ичүүгө болбойт, анткени кан басымы ылдыйлап, башы тегеренип, ого бетер алын кетирет.

Ар ким өзүн ден соолуктамын деп эсептеш керек. Жана ар ким өзүн дарылап туруш керек.Бул бүгүнкү күндүн талабы! Оорусузбу, соосузбу, карысызбы, жашсызбы дарыланып турсаңыз дарт өзү качары бышык. Дары чөптү кайсы мезгилде, кандай убакта пайдаланыш керек. Мунун сырын адам билиш керек. Анткени, биз дарылык касиети кең Кыргызстанда жашап атабыз. Чөптөрдүн дарылык сырын билсек, кымбаттап бараткан ушул жашоодо, өзүбүзгө жашоонун кенен жолун ачабыз.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости