www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Азербайжан түзгөн Түрк кеңешинин 2015-жылы Астанада бешинчи саммити өткөн соң, 2016-жылы Кыргызстанда өтмөк. Бирок Атамбаев президент Эрдоган менен Гүлен боюнча эрегишип катуу таарынышкан. Ал эми Азербайжан президенти Алиев Карабак маселеси боюнча Бакынын турумун жактаган Исламабад декларациясына кол койбой койгон Атамбаевге расмий түрдө таарынычын билдирген. Казак президенти Назарбаевди болсо Атамбаев “төө бастыга” алган. Ал кезде Өзбекстан бул уюмга кирген эмес, бирок Атамбаевди Каримов деле сүйчү эмес.

Ааламды чапчыган эң байыркы элдердин бири - түрк тилдүү элдер. Учурда түрктөрдүн чокусуна куш конуп турганы. Түркия эл аралык аренада чоң күчкө айланды, Азербайжан Карабакта Арменияны “чүкө ойнотту”. Казакстан менен Өзбекстан Азиядагы чоң державаларга айланды.

Жалпы түрктөргө тиешелүү “Казак бир боорум, түрк бир тууганым, өзбек тагам, кыргыз бабам” деген макала бар. Бул кыргыз элинин улуулугун билгизет.Түрк тилдүү элдер катарында өлүп жок болгон көптөгөн элдерден тышкары азыр да элүүдөй эл бар. Өз алдынча мамлекет түзгөндөрү Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, андан тышкары Орусиянын курамында автономиялык республика түзгөндөр: Татарстан, Башкортстан, Крым, Якутия, Хакасия, Тыва, Кабардин-Балкар, Карачай-Черкес, Чувашия, ал эми Өзбекстанда: Кара-Калпак, Кытайда: Уйгур-Шинжаң автономиялуу району. Булардан тышкары өз алдынча тилин сактап топтошкон элдер Венгрияда мажарлар, Дагестанда кумыктар, Орусия менен Кытайда дагы көптөгөн түрк элдери бар.

Түрктөр тил айырмасына карата батыш жана чыгыш деп шарттуу аталган эки ири топко ажырайт. Батыш тобуна КЫПЧАК тилдүү: казак, башкыр, каракалпак, ногой, кумык, татар, өзбек-катагандар, өзбек-лакайлар, өзбек-дүрмөндөр, өзбек-барластар, крым татарлары, балкарлар, карачайлар жана башкалар, ОГУЗ тилдүү: түрк, азербайжан, гагауз, түркмөн, салор, крым татарларынын түштүк диалектиси, караимдер, крымчактар, чуваш, шахсевендер, кажарлар, кызылбаштар, йуруктар жана башкалар, УЙГУР тилдүү: уйгурлар, өзбектердин отурукташкан бөлүгү жана башкалар.

Чыгыш тобуна – КЫРГЫЗ-КЫПЧАК тайпасына: кыргыздар, түштүк алтайлыктар жана башкалар, УЙГУР-ТУКУЙ тобуна: хакастар, тывалар, якуттар, долгандар, түндүк алтайлыктар, шорлор жана башкалар кирет.

Түрк тилдүү элдердин басымдуу бөлүгү ислам дининин суннит багытын тутат. Ислам дининин шиит агымына азербайжандар, шахсевендер, кажарлар, кызылбаштар; христиан православдар - чуваштар, гагауздар, якуттар, хакас, алтайлыктардын бир бөлүгү, балкан түрктөрү; буддисттерге - тывалар, Монголиянын түрк тилдүү этностору; иудейлерге - араимдер, крымчактар; шаманизмге сары уйгурлар, тывалар, алтайлыктар, хакастар, шорлордун бир бөлүгү сыйынышат. Демек, түрк тилдүү элдер дүйнөдөгү белгилүү диндер менен да байланышта. Бул түрк тилдүү элдердин таралуу ареалын да чагылдырат.

1991-жылга чейин бир гана Түркия эгемендүү мамлекет болгон. Ага ошол жылы Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан кошулган.

Түрк тилдүү өлкөлөр кызматташтык саммити 2010-жылы расмий түрдө түзүлүп, катчылыгы иштей баштаган. Ага төрт өлкө: Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия мүчө болгон. Алгачкы саммит 2011-жылы Казакстандын Алматы шаарында өтүп, экинчиси 2012-жылы Бишкекте уюштурулган. Бул саммитте түрк тилдүү мамлекеттер арасындагы билим берүү, маданий кызматташтык маселелерине көңүл бурулган. Ал эми үчүнчү саммит Азербайжандын Гебели шаарында уюштурулса, төртүнчү ирет бул уюмдун саммитине Түркиянын Бодрум шаары 2014-жылы кожоюндук кылган.

Бешинчи жолу кеңештин жыйыны 2015-жылы Казакстандын Астана шаарында өткөн соң, ал үч жылдык тыныгууга туш болду. Расмий Бишкек саммитти 2016-жылы өткөрүүнү болжосо да, президент Атамбаевдин айынан жок болуп кете жаздаган Түрк кеңешинин саммити эки жыл бою өткөрүлбөй калган.

2018-жылдын 3-сентябрында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" комплексинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 6-саммити өткөн. Бул ирет Өзбекстан уюмга расмий түрдө кошулду. Чолпон-Атада саммиттин декларациясына кол коюлуп, түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүү концепциясы кабыл алынган.

Чолпон-Атадагы саммитте Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк тилдүү мамлекеттерди Фетхуллах Гүлендин кыймылына каршы чара көрүүгө чакырган. Расмий Анкара учурда АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүленди азыркы бийликтин душманы катары сыпаттап келет. Ал эми Азербайжандын президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабак маселесин көтөргөн. Ал бул аймак узак жылдар бою армян оккупациясында турганын белгиледи. Буга байланыштуу Алиев түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин алкагында аймактык коопсуздук маселелерди, жаңы тобокелчиликтерди талкуулоону сунуштаган.

Түрк кеңешине Өзбекстандын кошулушу жаңы дем бере турганын саммитте Кыргызстандын ал кездеги президенти Сооронбай Жээнбеков айткан. Кыргыз президенти Өзбекстандын бул уюмга кошулуу ниетин жогору баалаарын белгилеп, Венгрия болсо бул саммитте байкоочу деген макам алаарын маалымдаган. Европанын борборундагы Венгриянын өзүнүн түрк тарыхын жана каада-салтын унутпаганы сүйүндүрөт. Бул уюмдун географиясынын кеңейип жатканын бекемдейт.

Ошондой эле, Кыргызстан бул кеңештин алкагында инвестициялык жана экономикалык кызматташтыгын тереңдетүү зарылдыгын белгиледи. Кыргызстанга деңизге чыга албаган мамлекет катары Чыгыш менен Батыштын соодасын байланыштырган транспорттук маршруттардын өнүгүшүн каалайт. Ошондуктан Кытай Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна маани берээри айтылган.

Алгач Кыргызстандын бийлиги аны өткөрүүгө камылга көрүп келген. Атүгүл уюмдун 2015-жылы Астанада өткөн жыйынында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев саммитти Ысык-Көлдүн жээгинде уюштуруу сунушун көтөрүп чыккан:

«Нурсултан Абишевич, биз саммитти Чолпон-Ата шаарында өткөрсөк деп сунуш кылып жатабыз. Өзүңүз 15-августтан 25-августка чейин бир күндү тандасаңыз. Сиз аксакал катары тандап берсеңиз, биз ошол күнү өткөрөлү», - деген. Ал учурда кыргыз бийлиги Түрк тилдүү өлкөлөр саммитин Көчмөндөр оюндарына тушташ өткөрүүнү мерчемдеген, бирок белгисиз мөөнөткө кийинкиге калтырылган. Анын расмий себеби түшүндүрүлгөн эмес.

Бирок саммиттин эки жыл бою өтпөй калышын байкоочулар Кыргызстандын мурдагы бул уюм ичиндеги айрым өнөктөштөр менен мамилесинин бузулушуна байланыштырышкан. Алсак, Түркиянын бийлиги менен 2016-жылдын 15-июлдагы мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин расмий Бишкек менен Анкаранын мамилеси муздаган. Буга түрк бийлиги төңкөрүш аракетине айыптаган динаятчы Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери деп атагандардын ишмердигин Кыргызстанда тыюу салуу өтүнүчүн орундатуудан баш тартылганы себеп болгон.

Ал эми Азербайжандын жетекчилиги Карабак маселеси Бакынын позициясын жактаган Исламабад декларациясына кол койбой койгон Кыргызстанга расмий түрдө таарыныч билдирген. Казакстандын президенти менен Атамбаев 2017-жылы президенттик шайлоодон улам кайым айтышкан. Мына ушундай өлкө башчылары арасындагы таарынычтардан улам кийинкиге калып келген саммитке кожоюндук кылуу шыбагасы Сооронбай Жээнбековго тийген.

Ички саясатта президент Сооронбай Жээнбеков кожоюндук кылган саммитке мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен ачык жана тымызын кер-мур айтышып, мамилеси бузулган өлкө жетекчилеринин келиши Жээнбеков үчүн саясий упай алып келген окуя болгон. Тышкы саясатта болсо мурда бузулган мамилелерди оңдоо менен үч жылдан бери токтоп калган саммитти өткөрүү бул мамлекеттер ортосундагы көп тараптуу алаканы жакшыртууга аянтча болду. Айрыкча, АКШ жана Европа менен мамилеси бузулган Түркия үчүн бул уюмдун алкагында өз бугун чыгарууга мүмкүнчүлүк алды.

Кыргызстан өзүнүн төрагалык мезгилинде Уюмду мындан ары өнүктүрүү, мамлекеттер ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты, достук мамилелерди бекемдөөгө бардык күч-аракеттерди жумшаган. Түрк кеңеши түзүлгөндөн бери 55 иш-чара уюштурулса, анын ичинен 15и - Кыргызстандын төрагалыгында өткөн. Кыргызстандын төрагалыгы мезгилинде Венгрия байкоочу макамына ээ болуп, Өзбекстан уюмдун толук укуктуу мүчөсү болду. Венгриянын борбору Будапештте Түрк кеңешинин Европалык өкүлчүлүгү ачылды. Өкүлчүлүк түрк жана европа цивилизацияларынын ортосунда өз ара жигердүү байланыштарды түзүүгө түрткү берет.

Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында Түрк инвестициялык-интеграциялык фондунун концепциясы бекитилип, билим берүү жана транспорт тармактарында кызматташуу күчөп, Стамбул шаарында Түрк биргелешкен Соода-өнөр жай палатасынын кеңсеси ачылган.

Түрк кеңешинин Ислам кызматташуу уюмунда байкоочу макамын алуусу боюнча жигердүү иштер жүргүзүлгөн. "Ош шаары - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары жарыяланып, анын алкагында Түрк дүйнөсүнүн этно-маданий фестивалы", "Байыркы Ош - цивилизациянын борбору" сыяктуу эл аралык иш-чаралар болуп өттү

Бул жолу Түркмөнстандын жетекчилиги саммитке катышкан эмес. Буга чейин келээри кабарланган Гурбангулы Бердимухаммедов эмне себептен жыйынга катышпаганы расмий түшүндүрүлгөн жок.

2019-жылы Бакыда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жетинчи жыйыны өткөн. Сегизинчи жыйыны 2021-жылдын ноябрында Стамбул шаарында өтүп жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости