www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрүп, жылытуу мезгилинин жүрүшү тууралуу маалыматты укту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт. Тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери - элди отун жана электр энергиясы менен камсыздоо боюнча маалымат берген.

"Учурда аткаминерлердин шалаакылыгынан республиканын аймактары көмүр менен толук көлөмдө камсыз болбой жатат. Буга жол берилбеши керек, азыркы кырдаалды жөнгө салуу үчүн сиздерге эки жума убакыт берем. Мамлекеттик органдардын транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоо менен облустарга көмүр ташууну уюштуруңуздар, бардык аймактар көмүр менен 100 пайыз камсыздалсын. Көмүрдү өз убагында белендөө электр тармагындагы жүктөмдү азайтып, белгиленген лимиттерди сактоого шарт түзмөк. Биз ар кандай сценарийге даяр болушубуз керек", — деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы калк арасында электр энергиясын керектөө лимиттерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл экенин, ошол эле учурда керектөөчүлөрдүн жана социалдык объектилердин жарыгын өчүрүүгө жол берилбеши керектигин кошумчалаган.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Акылбек Жапаров көмүргө карата бааны атайылап жогорулашынын алдын алуу үчүн мобилдик топ түзүүнү тапшырды. Анын курамында Бишкек мэриясынын, Энергетика министрлигинин, ИИМдин, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин, Салык кызматынын өкүлдөрү иш алып барышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости