www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинети 2022-жылы аялдар кризистик борборлорун каржылоону 20 млн сомго чейин жогорулатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча тегерек столдун ишине катышып жатып билдирди.
Ошондой эле Министрлер кабинети үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү тууралуу маалымат алууну жогорулатуу боюнча мамлекеттик заказ алкагында коомдук уюмдар үчүн маалыматтык кампанияга 5 млн сом бөлүп берүү чечимин кабыл алды, деп билдирди Минстрлер кабинетинин басма сөз кызматы.
Быйыл кризистик борборлор үчүн 7 млн сом бөлүнгөн, деп кошумчалады Э. Байсалов.
Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча статистикага ылайык, үстүбүздөгү жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 8405 учуру катталган. Ал эми өткөн жылы бул көрсөткүч 6060ка барабар болгон.
«Ички иштер органдары тараптан үстүбүздөгү жылы 7316 убактылуу коргоо ордерлери берилген, бул өткөн жылдын 7 айына салыштырмалуу 1179 ордерге көп дегенди билдирет. Мында көрсөткүчтөр өсүп жаткандыгы даана көрүнүп турат. Бул көйгөйлөрдүн жана арыздардын көбөйгөндүгүнөн гана эмес, милиция органдарынын үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын иликтөө аракеттеринин жогорулагандыгынан да кабар берет», - деди Эдил Байсалов.
Булак: NazarNews.kg