www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмне үчүн COVID-19дун жаңы толкундары кайталана берет?

Мутацияланган вирус кишини кайрадан ооруга чалдыктыргандыктан COVID-19дун жаңы толкунунун жаралуу тобокелдиги күч болууда. Бул тууралуу РИА Новости инфекционист-дарыгер Евгений Тимаковдун айтканына таянып жазды.

«Азырынча жарандардан сактануу жаатында тиешелүү жооп болбогондуктан (ооруга — ред.) биз сиздер менен коронавирустун төртүнчү, бешинчи, алтынчы, андан кийинки толкундарын кооптонуу менен талкуулай беребиз. Инфекцияны жуктуруп алгандан кийин баарыбыз көрүп-билип калгандай иммунитет алсырайт. Эгерде вирус мутация болуп түрүн өзгөртсө, ал адамдарды кайрадан эле каптап, жугуп, оорута берери шексиз», — деген Тимаков.

Азыр коронавирус инфекциясы бир катар өлкөлөрдө, шаарларда кайрадан арбын жайылып, эл көп ооруп жатат. Маселен, Россиянын борбор калаасы Москвада коронавирус жуктургандардын саны өсүп жаткандыктан тогуз күн бою ишке чыкпоо боюнча жарлык чыгып, локдаун жарыяланды.

Кыргызстанда медицина тармагы боюнча тиешелүү жетекчилер коронавирустун үчүнчү толкуну башталганы байкалып жаткандыгын айтышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости