www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК тарабынан өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга, анын ичинде мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык структуралардагы коррупцияны аныктоого жана бөгөт коюуга багытталып жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, өзгөчө ири өлчөмдө каражаттарды алуу фактысы аныкталды.

Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, «Карвен групп» компаниялар ассоциациясынын ээси Генрих Балян мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкерлери менен бирге 2,3 миллион доллар өлчөмүндө жасалма адамга ири насыя алыш үчүн, 670 000 АКШ доллар өлчөмүндө өтө жогору бааланган ликвиддүү эмес кыймылсыз мүлктү күрөөгө койгондугу аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө жогоруда аталган кыймылсыз мүлк, ага жеке менчик катары таандык болгондуктан, насыяга алуу үчүн күрөө катары, кайтарып берүүсүз, Г.Баляндын тапшырмасы менен 2,3 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражаттар алынгандыгы боюнча далилдер алынды.

Алынган далилдердин негизинде кечээ, 15-июнунда Г.Балян кылмышка шектүү катары кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, жакынкы аралыкта ага карата баш коргоо чарасын кароо маселеси каралат.

Мурда ушул кылмыш ишинин алкагында, аталган кылмыш ишин жасоого түздөн-түз тиешеси бар делип аталган банктын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары А.К. кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости