www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда толугу менен талкаланган 136 үй Түркиянын жардамы менен курулуп жатат. Ушул эле окуяда курман болгон 36 адамдын жакындарына да Баткен шаарында өзүнчө 36 турак жай салынууда. Анын чыгымын жеке компаниялар өз моюнуна алды.

Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Уланбек Калманбетов Жогорку Кеңештин 16-июндагы жыйынында билдирди.

Андан тышкары чек ара чырында жабыр тарткандарга эл тарабынан 115 миллион сом чогулду. Баткен облусунун атайын эсебине түшкөн бул каражатты кайсы жакка жумшоону облус башчысы чечет.

Ошондой эле Баткенде инфраструктураны (ред: суу, жол, жарык) калыбына келтирүү үчүн бюджеттен 700 миллион сом бөлүү каралган. Ушул күнгө чейин анын 200 миллиону берилди

Бул окуяда Баткенде беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куйган станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара заставасы жана бир клуб жараксыз абалга келген. Тажикстандын Согд облусунда 14 турак-жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости