www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмнеге баарыбыз урушчаакпыз?

Эмне себептен кайсы бир эл же адамдардын тобу ачууга тез алдырып, урушчаак болот? Бул суроого психолог, психосоматика боюнча адис Анастасия Юдаева РИА Новости агенттигине берген маегинде жооп узатты.

"Бул нерсени жамааттык негативизм деп коёт. Биздин социум чындап эле эмоцияга бат алдырат, урушчаак келет. Буга абдан көп нерсе, мисалы, социалдык-экономикалык абалыбыз да таасир этет", — деди психолог.

Ошондой эле ал ачууга алдырбаш үчүн эмоцияны чыгарып, акырындык менен чогулган стресстен кутулуу керектигин айтты.

"Ар бир элде өзүнүн маданий өзгөчөлүктөрүнө жараша эмоцияны чыгаруунун ар кандай жолдору бар. Мисалы, айрым улуттар стресстен бий аркылуу арылышат. Бизде ошол сыяктуу нерселер аз болгондуктан, чыр-чатактан башка нерсе калбайт", — деди Юдаева.

Психолог негативди организмде топтобой, чыгарып салуунун жолдорун санап берди:

адам өзүн-өзү бапестегенди, аяганды үйрөнүшү керек;

убагында эс алганды унутпашы зарыл;

өзүнүн эмгек процессин туура уюштуруп, жанга жагымдуу нерселерге убакыт табышы абзел.

Последние новости