www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- “Барпыда “Жони” аталышындагы парк ачылганына күбө болдук. Камчыбек Ташиевдин агасынын ысымы берилиптир. Коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып, талкууга “жем” таштады. Бул боюнча кандай ойдосуз?”

- Президент Садыр Нуркожоевич Жапаровдун “Ысырапкорчулук” боюнча жарлыгынын алкагында баардык региондорду кыдырып турам. Бу жолу Жалал-Абадка иш сапарым менен баргам. Мындан бир аз мурун “Чубак ажынын атында болсун” деп Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев мечитти бүткөрүп берген эле.

Ушуга улай жергиликтүү эл “медресе салынса жакшы болмок” деп суранышып, капсуласын салуу иш чарасы өттү. “Чубак ажынын медресеси болот” деп сүйүндүк. Ал жерде Камчыбек Кыдыршаевичке жолугуп калдым.

“Эртең менин Жаныбек агамдын ашы болуп атат. Балдары өз каражаттарына Барпы айылында мурун таштандыга айланган жерди эс алуу багы деп парк ачып атышат. Агабызга багыштап Куран түшүрүп коелу” деди. Жүздөгөн конокторго кеткен ысырапкорчулукту жумшабай, улак берип, катарлата машине сайбай, элге пайдасы тийе турган эң жакшы ишти кылып коюшту.

Муну кээ бир адамдар туура эмес түшүнүшүп, тетири нерселерди айтып аткандыр. “Мөмөлүү даракка таш ыргытат” болуп, “Мынча каражатты кайдан табышты?” дей беришет эмеспи. Биз ар бир эл үчүн жасалып жаткан иштин жакшы жагын даңазалап айтканды билсек, үйрөнсөк.

Ал жерде эч бир чиновник, мамлекеттик кызматкерлер чакырылбаптыр. Карапайым эл келип, баталарын беришип, кубаттоо, алкоолорун айтышты. “Эми айылда жашасак да шаардын элесин калтырган мыкты эс алуучу жайыбыз бар. Бул жерде отургучтар, фонтан, балмуздагы, балдар ойной турган ар кыл атракциондор бар экен.

Жаныбектин төрт уулуна алкыш, Алла ыраазы болсун!” деп аткандарын өз көзүм менен көрдүм. Мен Ташиевдердин үй-бүлөсүн көрүп эле жүрөм. Пандемия учурунда канчалаган карапайым элдерге соопчулук иштерди кылышты. Канчалаган жетим-жесирлерге кол сунушту.

Мен ойлойм, “Жони” атындагы эс алуу багы эл үчүн гана кызмат кылат! Башка эч кандай кызыкчылык жок. Мындай жакшы жөрөлгө баардык аймактарда да үлгү катары уланса мыкты болмок.

Булак: Азия News гезити

Последние новости