www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмнеге мэр болууга ашыгышат?

Акбалык Жумалиева жарандык активист:

Алардын бир борборду гүлдөтүп жиберем, казынаны толтурам, шаардыктарга же борборго келген конокторго заманбап шарттарды түзөм деген асыл максаттар оюна да келбесе керек. Мен бөркүмдөй сезип турам, азыркы жетекчи болуп келгендердин максаты эле - мамлекеттен кызарган нерсесин көрсө жула калса!

Жер ээлеп, жер сатса, колдон келишинче мамлекетти тоносо! Мынча ач көз болбосок! Айрыкча азыркы жалгыз талапкердин мамлекеттик тил боюнча экзамен тапшырганын көрүп, орустар айтмакчы "за державу обидно стало".

Эмне мынча баалуулуктар өзгөрдү? Эмне мынча өзүмчүл, дүнүйө параз болуп кеттик?! Мындай болбошу керек! Кыргыздар акылыбызга келели, өзгөрөлү. Дүйнөгө, байлыкка болгон көз карашыбызды өзгөртөлү!

"Бийлик, байлык - колдун кири" "кепиндин чөнтөгү жок" деген ата бабалардан калган накыл кептердин маңызына жетип, бала-чакабызга ошондой тарбия берели! Кудай анын бетин ары кылсын, бирок мындай барсак мамлекетти жок кылып алуу да алыс эмес!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости