www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гендердик теңсиздик Кытайдагы чоң көйгөй болуп калды. Кытайда жашы 30дан ашкан үйлөнө элек эркектерди "shengnan" деп аташат, башкача айтканда «керексиз, калып калган» дегенди туюндурат.

Аларга алдыда өзүнө түгөй табуу деген чоң маселе турат. А өлкөдө болсо кыздарга караганда эркектер саны алда канча көп, ошондуктан бул оңой эмес.

Эркектер менен аялдардын ортосундагы сандык айырмачылык Кытайда бир нече миллиондү түзөт экен. Албетте, бул «бир бала саясатынын» кесепети. Ал чектөөнү болсо 2015-жылы алып салышты. Бирок анын кесепети алдыда дагы ондогон жылдар боюу байкалып турчудай. Гендердик теңсиздиктен улам кытай эркектери үйлөнө албай жүрүшөт. Эркектер менен аялдар ортосундагы сандык айрыма өсүү үстүндө.

Адистердин баасында, 2020-жылга Кытайда түгөйүн издеген бойдок эркектердин саны аялдарга караганда 30 миллионго көп болот. "Демографиялык келечек" деп аталган китебинде америкалык саясат таануучу жана экономист Николас Эберштадт төмөндөгүдөй божомол келтирет: 2030-жылы курагы 30дан 40 жашка чейинки кытайлык эрекектердин төрттөн бири бойдок болот.

Эркектер менен аялдардын ортосундагы сандык айырмачылык Кытайда бир нече миллиондү түзөт экен.

Сүрөттүн автордук укугуGETTY IMAGES

Image captionЭркектер менен аялдардын ортосундагы сандык айырмачылык Кытайда бир нече миллиондү түзөт экен.

Катаал атаандаштык жаш жигиттерди өзүнө түгөй табыш үчүн ойго келбеген аракеттерге барууга түртөт. Алар кыздардын жүрөгүн багындыруу үчүн чоң суммадагы акча коротушат.

99 айфон - бирок жообу тескери болду

2015-жылы жашы 40тан ашкан кытайлык бизнесмен Шанхайдагы таанышуу кызматын сотко бергени айтылган. Ал өзүнө түгөй табыш үчүн компанияга 7 млн юань (1 млн доллар) төлөп, бирок компаниянын адистери түгөй таба албай койгонун даттанган.

Кытайдын түштүгүндөгү Гуанчжоу шаарында жашаган программист жигит кызынын колун сураш үчүн жагымдуу белек кылайын деп, 99 айфон сатып алган. Тилекке каршы, ал кыз сунушту кабыл албай койгон. Бул окуянын сүрөттөрү социалдык тармактарга тарап кеткен.

Кытайда Жаңы жыл майрамы өзүнүн сүйүүсүн табуунун абдан ыңгайлуу учуру катары эсептелип келген.

Сүрөттүн автордук укугуGETTY IMAGES

Image captionКытайда Жаңы жыл майрамы өзүнүн сүйүүсүн табуунун абдан ыңгайлуу учуру катары эсептелип келген.

Кытайда Жаңы жыл майрамы өзүнүн сүйүүсүн табуунун абдан ыңгайлуу учуру катары эсептелип келген. Январдын соңу февралдын ортосуна чейин тааныштарына, туугандарына конокко барышып, бойдоктор үчүн түгөй табууга мүмкүнчүлүк болгон. Бирок бул байыртан келген салт азыр жаңы технологияларга жол берди. Кытайдын бардык жеринде онлайн-таанышуу кеңири жайылган.

Салттардын алмашуусу

Таанышуунун түрдүү жолдору пайда болгондон кийин, кытайдын маданиятындагы таанышуу адаттары жана мамиле түзүү таптакыр башка нукка бурулду.

Цзюнь Ли Кытайдын батыш жээктериндеги Цзянсу провинциясындагы Сучжоу шаарында жашайт. Ал 20 жашта, турмушка чыга элек.

Ли акыркы учурларда бойдок эркектер тайпаларга топтолуп, көңүл ачуучу аянтчаларды түзүп, таанышуу үчүн кечелерди уюштуруп жатканын айтты. Ошондой эле кыздарга жагынуу үчүн жигиттер психологдорго жана стилисттерге көп кайрылышат.

Таанышуунун түрдүү жолдору пайда болгондон кийин, кытайдын маданиятындагы таанышуу адаттары жана мамиле түзүү таптакыр башка нукка бурулду.

Сүрөттүн автордук укугуGETTY IMAGES

Image captionТаанышуунун түрдүү жолдору пайда болгондон кийин, кытайдын маданиятындагы таанышуу адаттары жана мамиле түзүү таптакыр башка нукка бурулду.

Ата-энелеринин ыңгайсыз жана күндө берилген суроолорунан качуу үчүн айрым бойдоктор Hire Me Plz кызматынан пайдаланышат. Бул кызмат аркылуу кыздарды убактылуу жалдашат. Тактап айтканда, сүйлөшүп жүргөн кызы сыяктуу ата-энеси менен таанышып койгону үчүн кыздарга акча төлөп беришет. Бул кызмат бир күнгө орточо 10 000 юань (1450 доллар) деп айтылды. Анткени ата-энелер балдарына кысым кылып, үйлөнүсүн көп талап кылат экен. Ошондуктан жок дегенде сүйлөшкөнүм бар деп убактылуу кутулушат.

Түгөй табуудагы өзгөчө кыйын абалга элет жериндеги жакыр аймактарда жашаган эркектер кабылган. Түйгөлөр ортосундагы 10-20 жаш айырма Кытайда кадимки эле көрүнүш. Көптөгөн эркектер материалдык абалын жакшыртып, анан түгөй табам деп жүрүп чачы агарып кетет. Эксперттердин айтымында, ошол эле учурда кыздар финансылык стабилдүүлүктү издешет.

«Бир бала саясатынын» кесепети

«Керексиз эркектердин» социалдык көйгөйү барган сайын Кытайдагы эң курч маселеге айланып баратат. Албетте, буга алып келген өлкөдөгү «бир бала саясаты» болгон. Аны болсо 2015-жылы алып салышты.

Ондогон жылдар боюу үй-бүлөдө бир гана бала болсун деген саясат өкүм сүрүп келди. Кытайда салт боюнча уул баланын төрөлгөнү өзгөчө чоң кубаныч эсептелип келген. Бул болсо кыздардан баш тартып, аборттордун көбөйүшүн шарттаган.

Булак: Би-Би-Си

Последние новости