www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи май райондук соту "75чилердин каты" боюнча өкүмдүн чоо-жайын түшүндүрдү.

Соттун түшүндүрмөсүнө ылайык, пробациялык көзөмөл иш боюнча кылмыштын аягына чыкпагандыгын, тагырак айтканда, бийликти күч менен басып алууга шарт түзүү — даярдык көрүү стадиясында калгандыгын эске алуу менен колдонулган.

"Кылмыш-жаза кодексинин 75-беренесине ылайык, сот кылмыштуу ниеттин ишке ашуу даражасын жана айыпталуучулардын өздүгүн эске алып, аларды коомдон обочолонтпой түзөтүүгө мүмкүн деген корутундуга келген. Пробациялык көзөмөл жоопкерчиликтен бошотуу эмес, пробация органынын көзөмөлү астында аткарылуучу кылмыш-укуктук таасир этүү чарасы болуп саналат",-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2-июлда "75чилердин каты" деп аталган кылмыш иши боюнча бир нече айдан берки созулуп келе жаткан сот отуруму аяктап, өкүм чыкты. 

Ага ылайык, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, саясатчы Бекболот Талгарбеков, мурдагы вице-премьер Аалы Карашев, мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, мурдагы Айыл чарба министри Эмилбек Узакбаев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманбек Дыйканбаев Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп табылышып, 4 жылдан эркинен ажыратылышып, мүлктөрү конфискацияланып, 3 жылдык пробация чечими кабыл алынды. 

 

Последние новости