www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Литванын президенти Гитанас Науседа өлкөнүн аймагына өзөктүк курал жайгаштырууга тыюу салган конституциялык жобо алынып салынышы мүмкүн экенин билдирди.
Президент мындай кадам, келечекте жаралышы мүмкүн болгон жаңы жагдайларда өлкө кандайдыр бир чектөөлөргө туш болбошу үчүн зарыл экенин айткан.
Литванын Коргоо министрлиги да өлкө аймагына массалык кыргын салуучу куралдарды, анын ичинде өзөктүк куралды жайгаштырууга коюлган тыюуну алып салуу демилгесин колдоду.
Министрликтин башчысы Робертас Каунастын айтымында, Литва учурда НАТОго мүчө өлкөлөрдүн ичинен мындай чектөө Конституциясында сакталган саналуу мамлекеттердин бири бойдон калууда.