www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын президенти Кыргызстан менен болгон чек ара маселелерин тезирээк чечилүүсүн жактай турганын билдирди. 

Бул тууралуу ал кечээ, жекшемби күнү Исфара шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда айтты.

Ал тажик тарап Кыргызстан менен 2002-жылдан бери эки мамлекеттин чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келерин билдирди. Ошондой эле, бул убакыт аралыгында өкмөттөр аралык комиссиянын делегациялары менен жумушчу топтордун ортосунда 170тен ашык жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр болуп, эки мамлекеттин ортосундагы 987 чакырым чек ара тилкесинин 663,7 чакырымы, башкача айтканда, 68,4 пайызы аныкталып, макулдашылганын белгиледи.

Анын айтымында, Тажикстан эки тараптын тең улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен орун алган көйгөйлөрдү эки тарапка тең пайдалуу чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү чечкиндүү түрдө колдойт. Бирок, бул абдан татаал процесс жана адистердин көп убактысын жана күчүн талап кыларын кошумчалап, Исфара шаарынын калкын коңшулар менен достук мамиледе болууга чакырып, эмоцияга алдырбоосун суранды.

«Мен дагы бир жолу Исфара шаарынын тургундарына эскертип кетем, алар кошуналары менен өз ара түшүнүшүү жана жакшы мамиледе жашап, иштеши керек. Алар менен баарлашып, достук кызматташтыкты орнотуу менен сабырдуу болуп, эмоцияга алдырбоо керек», - деди ал.

Белгилей кетсек, Исфара - Тажикстандын Кыргызстан менен чектеш аймагында жайгашкан. 

Буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да кыргыз-тажик чек арасы тууралуу пикирин билдирип, чек араларды тактоо иштери жай жүрүп жатканын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости