www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 17-18-октябрда Кытайдын борборунда өтө турган “Бир алкак – бир жол” үчүнчү эл аралык форумуна катышпайт. Бул тууралуу «Азия-Плюс» өлкө башчынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

Рахмондун Кытайга барбай койгонунун себеби айтылган жок. Ал 19-21-октябрда Тажикстандын Хатлон облусуна барууну пландап жатканы айтылган.

Маалымат үчүн айта кетсек, “Бир алкак - бир жол” долбоорунун үчүнчү форуму бул демилгенин 10 жылдыгына арналды. Алгач иш-чараны 15-17-октябрда өткөрүү пландалып, кийин 17-18-октябрга жылдырылды.

Кытайдын "Global Times" басылмасынын маалыматына караганда, форумга 130дан ашык өлкөдөн делегациялар жана 30 эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.

Эске сала кетсек, буга чейин бул форумга катышуу үчүн Россиянын президенти Владимир Путин Кытайга келген. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен иш сапары менен Пекинге келди. Бирок француз жана немис лидерлери Эммануэль Макрон менен Олаф Шольц чакыруу алган эмес. Италиянын лидери Джорджия Мелони да чакырылган жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости