www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Тажикстанда иш сапары менен жүргөн Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды.

Тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелерди талкуулашты, деп билдирди мамлекет башчынын басма сөз кызматы.

Эмомали Рахмон, тажик-кытай мамилелеринин динамикалуу өнүгүп жатканын, бардык тармактарда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү баса белгиледи.

«Тажикстан менен Кытай жакын коңшулар жана биз эки өлкөнүн ортосундагы бардык форматтарда тыгыз көп кырдуу байланыштарды мындан ары тереңдетүүгө кызыкдарбыз», - деди Рахмон.

Президенттин басма сөз кызматы Кытай Тажикстандын эң ири соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири позициясын бекем карманарын белгиледи. Статистикалык маалыматтарга ылайык, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында эки өлкөнүн өз ара соодасы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 82%га өсүп, Тажикстандын жалпы тышкы соода жүгүртүүсүнүн 19%дан ашыгын түздү.

Эмомали Рахмон менен Ван И сооданы өнүктүрүүнүн белгиленген темптерин жогорулатуу үчүн биргелешкен кадамдарды жасоо зарыл деп эсептешти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости