www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевдин «Вконтакте» социалдык тармагындагы баракчасында Казакстан жана Грузия тууралуу билдирүү жарыяланып, кайра өчүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.

Билдирүүдө Грузия менен Казакстан Орусия империясынын аркасы менен пайда болгону айтылат.

«Казакстан — жасалма мамлекет, орустардын мурдагы жери, мисалы, Гурьев, Семипалатинск шаарлары. Жада калса Алматы калаасы 1924-жылга чейин Верный деп аталып келген. 21-кылымда Казакстандын бийлиги республиканын ичинде ар кайсы улуттагы адамдарды бири-бири менен аралаштырып баштады, муну орустарды жок кылып жатат деп атасак болот. Биз буга көз жумуп тура албайбыз. Ал жакка орустар бармайынча, тартип болбойт», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул боюнча теле алып баруучу Ксения Собчак Медведевдин аккаунту хакерлер тарабынан бузулганын, себеби билдирүү бир нече мүнөттөн кийин кайра өчүрүлгөнүн билдирди.

Медведевдин билдирүүсүндө Грузия Орусия империясы учурунда түптөлгөнү, ал эми Казакстан — жасалма мамлекет экени жазылган.

Ал Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев бул боюнча азырынча расмий билдирүү жасай элек.

Последние новости