www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германия Украинаны курал-жарак менен камсыздоону улантууда. Ал тургай азырынча Германиянын Куралдуу күчтөрү пайдалана элек жаңы техникаларды берип жатат. Бул тууралуу өлкө канцлери Олаф Шольцтун жергиликтүү ЖМКларга берген маегине шилтеме кылып РИА Новости жазды.

"Биз өзүбүздө бар курал-жаракты Украина менен бөлүшүп жатабыз. Алардын арасынан танкага каршы жана абадан коргонуу системалары, миналар, мылтыктар, тонналаган ок-дары бар. Эми биз татаал жана өтө кымбат системаларга жеттик. Кеп гаубицалар, зениттик системалар, артиллериялык багыттоочу радар системалары тууралуу болуп жатат. Айрымдары өтө жаңы, алар жадагалса өзүбүздүн Куралдуу күчтөргө бериле элек", — деди Шольц.

Анын айтымында, Украина аскерлери Германияда жаңы техниканы колдонууга үйрөнүп жатышат.

Украинага курал-жарак байма-бай жеткирилип жаткандыктан Россия АКШ баш болгон бардык өлкөлөргө нота жөнөткөн. Ал эми өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина үчүн курал-жарак ташыган кандай гана объект болбосун, ал мыйзамдуу бутага айлана турганын эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости