www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Берлинде 29-сентябрда Германия — Борбор Азия саммити өтүп, ага Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстандын мамлекет башчылары барышкан.

Мына ошол иш-чарага барган Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун машинасына жумуртка ыргытылып, ага карата ачуу сөздөр, ураандар чакырылган эле. Аны тажик президентинин режимине каршы оппозиция активисттери уюштурган.

Мындай көрүнүштөн кийин Берлиндеги акцияга чыккан тажик оппозициясынын чет жактагы өкүлдөрү алардын Тажикстандагы туугандарын коопсуздук органдарынын өкүлдөрү кармап, суракка алганын билдиришти.

Жалпысынан Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" оппозициялык уюмунун Берлиндеги акцияга катышкан кеминде беш өкүлүнүн туугандары Тажикстанда кармалганы кабарланды.

Тажикстандын бийлиги оппозициячыл активисттердин акциясы жана алардын жакындарынын кармалышы тууралуу адаттагыдай үн каткан жок.

Соңку жылдары Европада жашаган оппозиция өкүлдөрү алардын Тажикстандагы туугандары басымга кабылганын айтып келишет. Укук коргоо уюмдары расмий Дүйшөмбүнү оппозициячыл активисттердин үй-бүлө мүчөлөрүн "башкача ой жүгүрткөндөрүн оозун жаап, коркутуп-үркүтүү үчүн алардын туугандарын туткун катары колдонууну" токтотууга бир нече ирет чакырган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости