www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн казак жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-сентябрда КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагынан 1995-жылдын 5-декабрында туулган Казакстан Республикасынын Алматы шаарынын тургуну А.Г.М. кармалды.

Ал расмий өтмөктөрдү айланып, казак-кыргыз мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип (Кыргыз Республикасына карай) өтүп, андан соң эл аралык “Манас аэропорту” аркылуу үчүнчү мамлекеттерге учуп кетүүнү көздөгөн.

КР УКМК тарабынан Казакстан Республикасынын жараны А.Г.М.  карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча кылмыш иши козголуп, 2023-жылдын 27-сентябрында Октябрь райондук сотунун чечими менен чет элдик жаран Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына 2 айлык мөөнөткө камакка алынды.

Ошол эле учурда, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.Г.М. Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан адам өлтүрүүгө катышкан деп издөөдө жүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости