www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда өспүрүм баланы сабаган деп шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-сентябрда милицияга Ак-Ордо конушунун тургуну кайрылып, 2007-жылы туулган уулун Б. аттуу жаран, анын уулу жана белгисиз бир жаран эч себепсиз сабап, ур-токмокко алганын билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу териштирүү иштери жүрүп, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 64 жаштагы М.Э. жана 59 жаштагы М.К. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости